Долбоор жөнүндө

Санариптик көндүмдөр боюнча окуу курстарынын провайдерлеринин интерактивдүү картасы «DigiКоnush- санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Европа Биримдигинин «DigiКоnush - санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору Эстониянын эл аралык Өнүктүрүү Борбору тарабынан "Лидер" атуулдук демилгелер борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.

Шаар жерлериндеги теңтуштарына салыштырмалуу элеттик жаштар жана аялдар көптөгөн факторлордун, анын ичинде санариптик ажырымдын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн төмөндүгүнөн жана сапаттуу билим берүүнүн менен татыктуу жумуштун жоктугунан улам начар абалда болушат.

Долбоордун ишмердүүлүгү санариптик технологияларды колдонууну илгерилетүүгө, жаштарды, аялдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коом уюмдарын, элеттик бизнести санариптик трансформация процессине тартууга, ошондой эле билим берүү уюмдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган.

.

 

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАР

- Санарип сабаттуулуктун жана кибергигиенанын көндүмдөрүн жогорулатуу;

- Коомдук иштерге катышууга көмөктөшүү;

- Билим берүүнү күчөтүү жана санариптик ишкердикке окутуу.