IT кесиптер боюнча билимдерди жана санариптик көндүмдөрдү берүүчү билим берүү уюмдары жөнүндө

https://leader.kg/ocenka-bazovykh-navykov-i-potrebnoste/

 

IT-адисинин кесибине жигиттер, кыздар, атүгүл чоңдор да жогорку окуу жайына, колледжге, лицейге тапшырып же атайын курстарды окуу менен ээ боло алат.

 

Ошондуктан, санариптик көндүмдөр боюнча окуу курстарынын провайдерлеринин интерактивдүү картасынын түзүмү ушул 4 типтеги окуу жайларына бөлүү принциби боюнча түзүлгөн:

 

- баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары;

- орто кесиптик окуу жайлары;

- ЖОЖдор;

- жеке, коомдук жана башка уюмдар.

 

Негизги деңгээлине, муктаждыктарына, курагына жана каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген IT кесиптери боюнча керектүү билимге жана санариптик көндүмдөргө ээ болууну каалаган адамдарга аң-сезимдүү жана маалыматтуу тандоо жасоого жардам берүү ушул интерактивдүү картанын милдети болуп саналат.

 

Баштапкы  кесиптик билим берүүдө IT-адистерин даярдоо

Кесиптик  лицей — ЖОЖго тапшырууда экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн зарыл болгон предметтерди терең изилдөөгө басым жасоо менен жалпы билим берүү мекемеси.

Лицейдин бүтүрүүчүсү толук жалпы билими жөнүндө аттестатты терең окуган предметтердин тизмеси менен колуна алат.

Кыргызстандагы баштапкы кесиптик билим берүү системасы (БКБ) 99 окуу жайдан турат, анын ичинен - 92 кесиптик лицей (КЛ), КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК)  алдындагы түзөтүү мекемелериндеги 6 кесиптик окуу жай жана Токмок индустриалдык - педагогикалык колледжи. КЛ эң көп саны Бишкек шаарына, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарына туш келет. 

Аймактар боюнча кесиптик лицейлердин саны

Региондор

Саны 

КЛ

Бишкек ш.

18

Баткен облусу

11

Ысык-Көл облусу

8

Жалал-Абад облусу

18

Нарын облусу

7

Ош облусу

13

Талас облусу

7

Чүй облусу

10

БКБ окуу жайларынын башка түрлөрү

Токмок индустриалдык - педагогикалык колледжи (ТИПК)

1

Түзөтүү мекемелериндеги кесиптик окуу жайлар

6

БААРЫ:

99

Бүгүнкү күндө КЛ окуучуларынын саны 34 197 адамды түзөт (15тен 17 жашка чейин жаштардын болжол менен 10%ы), алардын ичинен 28 435и бюджеттик жана 5 762си контракттык негизде окушат (эркектер 70% жана аялдар 30%).

БКБ системасында адистерди даярдоо «Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүү кесиптеринин жана адистиктеринин тизмесинин» негизинде жүргүзүлөт, ага бүгүнкү күндө МКТ боюнча 18 кесиптин тизмеси кирди:

 

1. Локалдык тармактардын администратору;

2. Маалыматтык технологиялардын коопсуздугу боюнча адис;

3. Маалыматтар базасы боюнча адис;

4. Маалыматтар базасынын архитектурасын иштеп чыгуучу;

5. Маалыматтар базасын башкаруу тутумундагы оператор;

6. Web жана мультимедиа колдонмолорун иштеп чыгуучу;

7. Веб-сайтты иштеп чыгуучу;

8. Веб-дизайнер;

9. Web-сайттын администратору;

10. Веб оптимизатору;

11. Веб-тестирлөөчү;

12.  HTML-версткалоочу;

13. Графикалык дизайнер;

14. Жарнама жаатындагы компьютердик графика дизайнери;

15. Системалык администратор;

16. МКТны пайдалануу боюнча адис;

17. Компьютер оператору;

18. Компьютерди колдоо кызматынын оператору.

 

БКБ системасында МКТ кесиптерине окутуу күндүзгү бюджеттик негизде окутуу мөөнөтү менен жүргүзүлөт: 3 жыл, 2 жыл 10 ай, 10 ай; акы төлөнүүчү негизде: кардардын эсебинен, ишке орноштуруу кызматынын эсебинен, окуу мөөнөтү 1 айдан 3 айга чейинки ишканалардын эсебинен.

2021-жылдын аягына карата МКТ кесиби боюнча 1368 адам окутулган, алардын ичинен 506 адам күндүзгү окутууда, 468и – акы төлөө негизинде, 279 адам иш менен камсыз кылуу кызматы тарабынан жиберилди жана ЖАМКнын алдындагы КЛде – 51 окуудан өтүштү.

2020-жылдын аягына карата МКТ кесиби боюнча КЛде окутулгандардын саны

 Кесиптин аталышы  

Баары

Күндүзгү окутуу  

Акылуу окутуу  

Иш менен камсыз кылуу кызматы аркылуу  

Ишканалардын эсебинен

ЖАМК караштуу КЛ  

1.

Web-дизайнер

68

-

68

-

-

-

2.

Web-программист

30

30

-

-

-

-

3.

Web-оптимизация

30

30

-

-

-

-

4.

Жарнама жаатындагы компьютердик графика дизайнери

97

82

-

15

-

-

5.

Компьютердик  графика дизайнери

32

32

-

-

-

-

6.

Компьютердик дизайнер

-

-

-

-

-

-

7.

Компьютердик жана кеңселик жабдууларды оңдоо жана тейлөө боюнча чебер

210

101

84

-

-

25

8.

IT адис

57

-

57

-

-

-

9.

Маалыматтык технология менеждери

-

-

-

-

-

-

10.

Системалык администратор

30

30

-

-

-

-

11.

Компьютердик тармактарды монтаждоо жана өткөрүү  

-

-

-

-

-

-

12.

Маалымат базаларын башкаруу системаларында оператор

-

-

-

-

-

-

13.

Компьютердик графика оператору

-

-

-

-

-

-

14.

Жеке  компьютердин оператору

438

71

128

239

-

-

15.

Компьютердик жабдууларды тейлөө боюнча оператор  

26

-

-

-

-

26

16.

Маалымат базаларын башкаруу системаларындагы программист

-

-

-

-

-

-

17.

Уюлдук телефондорду оңдоо боюнча чебер

7

-

7

-

-

-

18.

Байланыш тармактары жана коммутация системалары боюнча адис

 33

-

-

-

-

-

19.

Компьютердик   техниканын топтомундагы оператор

31

-

-

-

-

-

20.

Кеңсе  менеджер

49

-

24

25

-

-

21.

Тармактык  администратор

-

-

-

-

-

-

22.

Интернет технологиялар боюнча адис

130

130

-

-

-

-

24.

Маалыматтык кооппсуздук боюнча адис

15

-

15

-

-

-

25.

ЖК билүү менен бухгалтер

83

-

83

-

-

-

26.

Компьютердик  тармактарды өткөрүү боюнча монтаждоочу  

2

-

2

-

-

-

 

БАРДЫГЫ:

1 368

506

468

279

0

51

 

Окуучулардын эң көп санын "Жеке компьютердин оператору", "Компьютердик жана кеңсе жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча чебер" жана "Интернет технологиялары боюнча адис" адистиктери алышты.

 

Региондор боюнча окутуу мөөнөтү 10 ай болгон программисттерди даярдоо боюнча БКБ системасынын лидерлери болуп төмөнкүлөр саналат:

  1. Бишкек ш. №93 КЛ;
  2. Бишкек ш. №98 КЛ;
  3. Чүй облусунун Кара-Балта ш. №105 КЛ;   
  4. Чүй облусунун Токмок ш. ТИПК;
  5. Ысык-Көл облусундагы №14 КЛ;
  6. Ысык-Көл облусунун Балыкчы ш.  №22 КЛ;
  7. Талас облусундагы №6 КЛ;
  8. Нарын облусундагы №87 КЛ;
  9. Ош облусундагы №16 КЛ;
  10. Жалал-Абад облусундагы №75 КЛ.

Контракт үчүн жогорку акы төлөнгөнүнө карабастан, калк арасында баштапкы кесиптик билим берүү деңгээлинде МКТ кесибине суроо-талап чоң:

- 9-класстын базасында -17 000 сомдон 26 000 сомго чейин,

- 11-класстын базасында - 36 000 сомдон 50 000 сомго чейин.

КЛ алдында жумушсуздар, каалагандардын кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн баасы 3 000 сомдон 5 000 сомго чейинки кыска мөөнөттүү курстар иштейт.

 

Орто кесиптик билим берүүдө IT-адистерин даярдоо

Колледж – бул орто кесиптик орто окуу жайы (коож). Ал орто кесиптик билим берүү программаларын негизги же жогорку деңгээлде жүргүзөт. Адатта, коождор структуралык бөлүм же университеттин бөлүгү болуп саналат. Аларда негизги жалпы же орто жалпы билимге ээ студенттер окуй алышат. Кыргызстандын колледждери абитуриенттерди кирүү экзамендеринин жыйынтыгы же аттестаттарда көрсөтүлгөн баалар боюнча кабыл алышат. Башкача айтканда, колледждерге кабыл алуу үчүн ЖРТ жыйынтыгы талап кылынбайт.

Колледжди аяктагандан кийин орто кесиптик билими жөнүндө диплом берилет, ал бүтүрүүчүгө алган профили боюнча иштөөгө же эгерде окуу жайы ошол ЖОЖго бекитилген болсо. ЖОЖго 2-3 же андан жогору курска кирүүгө укук берет.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда КООЖдордун саны 132ден 138ге чейин өстү, алардын ичинен 105и мамлекеттик жана 33ү мамлекеттик эмес. Кесиптик орто кесиптик окуу жайлардын (КООЖ) мекемелеринин окуучуларды кабыл алуусу 2012-жылы 83 миң студенттен 2021-жылы 95 миң студентке чейин  өскөн, бул калктын 17-20 жаш курагындагы 24%ын түзөт. 11,6 миң студент бюджетте, 84,3 миң студент окутуунун контракттык формасында окушат. Алардын ичинен 43,8% - эркектер жана 56,1% - аялдар.

МКТ жаатында адистерди даярдоону КРнын 58 КООЖу ишке ашырат. 2021-жылы кесиптик орто окуу жайларында МКТ адистиктери боюнча студенттердин бүтүрүшү (узактыгы 1 жыл 10 ай жана 2 жыл 10 ай) 1 616 адамды түзгөн.

 

КООЖдор төмөндөгү IТ-кесиптерине окутат:

Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)

Компьютердик  системалар боюнча техник

Компьютердик жана автоматташтырылган тутумдарды программалык камсыздоо

Техник-программист

Эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө

Техник

Компьютердик системаларда программалоо

Техник-программист

Компьютердик тармактар

Компьютердик  системалар боюнча техник

Прикладдык информатика (тармактар боюнча)

Техник-программист

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жогорку билим берүү системасында IT-адистерди даярдоо

Жож (Жогорку окуу жайы) -  жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемеси.

Мамлекеттик жана жеке университеттерди айырмалашат. ЖОЖдун филиалдары жана башка калктуу пункттардагы өкүлчүлүктөрү болушу мүмкүн.

Жогорку окуу жайында окутуу, эреже катары, 4 жылдан 6 жылга чейин созулат, күндүзгү жана сырттан окуу бар.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайы иштейт, алардын ичинен 33 мамлекеттик жогорку окуу жайы (25 жогорку окуу жайы КР БИМ баш ийүүдө, 8 жогорку окуу жайы тармактык министрликтерге карайт); мамлекеттик эмес – 43. 20 жож аймактарда жайгашкан. Алардын санынын өсүшү жеке жогорку окуу жайларын ачуу аркылуу ишке ашат. Ошол эле учурда студенттердин саны кыйла кыскаргандыгы байкалууда – 2013-жылы 223 миң адамдан 2021-жылы 184 миң адамга чейин, жаштар колледждерде жана КЛ окууну көбүрөөк тандап алышкандыгынын эсебинен.

IT-чөйрөсүнө кадрларды жабдуучулар болуп ЖОЖдор саналат. МКТ жаатында адистерди даярдоону 21 мамлекеттик ЖОЖ жана 16 мамлекеттик эмес ЖОЖ ишке ашырат.

IT-технологиясы чөйрөсүндө адистикти алуу үчүн билим берүү гранттарынын саны 2021-жылы 506га чейин көбөйгөн. Эң көп билим берүүчү гранттар "Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр) - 116, "Маалыматтык системалар жана технологиялар (бакалавр)" - 82, "Прикладдык математика жана информатика (бакалавр)" - 74, Прикладдык информатика (бакалавр) – 69 адистиктери боюнча окутууга бөлүнөт.

IT-чөйрөсүндө адистикти алуу үчүн жождордо билим берүү гранттарынын саны 

 

Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия (бакалавр)

5

Информатика жана эсептөө техникасы (бакалавр)

116

Информатика жана эсептөө (магистр)

5

Информатика жана программалоо технологиясы (магистр)

5

Маалыматтык коопсуздук (бакалавр)

35

Маалыматтык коопсуздук (магистр)

10

Маалыматтык тутумдар жана технологиялар (бакалавр)

82

Маалыматтык тутумдар жана технологиялар (магистр)

8

Компьютердик лингвистика (бакалавр)

25

Компьютердик лингвистика (магистр)

3

Прикладдык информатика (бакалавр)

69

Прикладдык информатика (магистр)

8

Прикладдык математика жана информатика (бакалавр)

74

Прикладдык математика жана информатика (магистр)

16

Программалык инженерия (бакалавр)

35

Программалык инженерия (магистр)

10

 БАРДЫГЫ: 

506

 

Мамлекеттик жождордон IT-багыттар боюнча лидерлер болуп төмөндөгүлөр саналат:

  •  ОшМу - бакалавр  деңгээлинин IT-адистеринин жогорку санын чыгарган  - 317 (анын ичинен гранттык - 104),
  • И. Раззаков атындагы КТУ  - 167 (39),
  • КМКТАУ-157 (77),
  • Жусуп Баласагын атындагы КМУУ - 140 (20).
  • Лидер жождордун бешин Ош технологиялык университети жыйынтыктайт– 108 (36).

 

Бул тизмеге жыл сайын 80 адистен чыгарган Кыргыз-Түрк «Манас» университетин да киргизсе болот. Бул ЖОЖ студенттерди толук гранттык негизде Кыргыз Республикасынын 20% жана Түркия Республикасынын 70% эсебинен окутат, бул ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусу жогору.

 

Бүгүнкү күндө магистр даражасына окутуу үчүн эң жогорку суроо-талаптуу ЖОЖдор ОшМУ (50) жана ОшТу (21) болуп саналат, мында бул багыттагы адистерди даярдоого бюджеттик каражаттар каралган эмес.

 

Техникалык багыттагы ЖОЖдор адистерди окутуу үчүн эң көп гранттык орундарды алышат - алар И. Раззаков атындагы КТУ, КМКТАУ.

 

Жеке университеттер ошондой эле студенттердин жана адистердин санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүүчү курстарын камсыз кылышат. Машиналык окутуу, жасалма интеллект жана маалыматтар жөнүндө илим боюнча курстар Кыргыз-Түрк «Манас» университети, БААУ, БАУ тарабынан сунушталат. Бирок, мындай курстар республиканын көпчүлүк жаштар окуган региондук мамлекеттик окуу жайларында жок.

 

Формалдуу эмес билим берүү

Чоңдорго кошумча билим берүү (анын ичинде кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу) квалификациялардын улуттук системасына ылайык билим берүү уюмдарынын ар кандай түрлөрүнүн жана типтеринин системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Чоңдорго кошумча билим берүүнүн негизги милдети - өзүн-өзү өркүндөтүү, өзүн-өзү ишке ашыруу жана квалификацияны өзгөртүү муктаждыктарын канааттандыруу.

Кошумча билим берүү программаларына ишке ашырылуучу ар кандай багыттагы билим берүү программалары кирет:

- негизги билим берүү программаларынан тышкары жалпы жана кесиптик билим берүү уюмдарында;

- кошумча билим берүүчү билим берүү уюмдарында (квалификацияны жогорулатуу курстарында, жеке мектептерде жана тиешелүү лицензиясы бар башка билим берүү уюмдарында);

- жеке педагогикалык иш аркылуу.

 

Жарандар орто жана алдыңкы санариптик көндүмдөрдү негизинен жеткиликтүү онлайн курстар жана Youtube каналдар аркылуу өз алдынча билим алуу аркылуу өздөштүрүшөт.

Өз алдынча билим алгандан кийин орто аралык санариптик көндүмдөрдү алуунун экинчи популярдуу ыкмасы болуп республика боюнча жеткиликтүү жеке билим берүү курстары саналат. Бул курстар негизинен Бишкек жана Ош шаарларында көрсөтүлгөн.  

2019 – жылы кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишине укук берүүгө 91 лицензия берилген, алардын ичинен 16 программа республиканын ЖОЖдорунда, 75 программа - расмий эмес билим берүү секторунда ишке ашырылат. Алардын ичинен 19 лицензия компьютердик сабаттуулук жана IT -технология жаатына тиешелүү.

 Билим берүү курстарынын өкүлдөрүнүн маалыматтарына ылайык, алардын кызматтарына суроо-талап күн сайын өсүүдө. Жеке билим берүү борборлорунда окуу акысы курстун багытына жана узактыгына жараша болот. Мындай борборлордо окуу акысы жогорку окуу жайында окуу үчүн 4-5 жылдык контрактынан төмөн. Бааларды талдоодо окутуунун бир айлык бааларынын диапазону 5 000 сомдон 25 000 сомго чейин аныкталган.