Карта жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы санариптик көндүмдөр боюнча окуу курстарынын провайдерлеринин картасы жөнүндө

Санариптик көндүмдөр боюнча окуу курстарынын провайдерлеринин интерактивдүү картасында учурдагы IT-курстарынын провайдерлери, бардык деңгээлдеги окуу жайлары - баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары, орто кесиптик окуу жайлары, жогорку окуу жайлары, санариптик көндүмдөрдү жогорулатуучу билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке, коомдук жана башка уюмдар көрсөтүлгөн.

Интерактивдүү карта жарандарга Кыргыз Республикасындагы кайсы окуу жайлар жана курстар санариптик көндүмдөр боюнча билим берип жаткандыгы жөнүндө маалымат издөөдө, сунушталган адистиктер, окуу мөөнөттөрү жана финансылык шарттар жөнүндө маалымат алууда пайдалуу болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда, карта IT окутуу провайдерлерине жарнамалоого, өзүнүн кызматтарын жайылтууга жана өзү жөнүндө маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Өзүнүн окуу жайы жөнүндө маалыматты киргизүү же жаңыртуу үчүн, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү бул leader.org.kg@gmail.com адрес боюнча  кайрыла алышат.